Жаңылыктар
Добуш сатып алууга каршы мыйзам ЖКда кабыл алынбай жатат
Саясат
Добуш сатып алууга каршы мыйзам ЖКда кабыл алынбай жатат

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш сатып алууга каршы мыйзамдын кабыл алынбай жатышын сындады. Айрымдар муну депутаттардын кызыкчылыгы менен байланыштырат. Мыйзам кабыл алынса добуш сатып алууга аракет кылгандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жакындаган сайын мындай эреже бузуулардан чоочулагандар арбын.

Мыйзам долбоорунун өзөгүндө добуш сатып алган же ага аракет кылган жаранды 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ага каршы чыккан эл өкүлдөрү мыйзам шашылыш кабыл алынып жатканын билдиришкен. Жогорудагыдай кылмыш менен жазага тартылгандар буга чейин болбогону белгиленди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо конституцияны өзгөртүү боюнча референдум менен бирге 11-декабрда өткөрүлөт.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"