Жаңылыктар
"Крокус Ситиде" 100дөн ашуун адамды куткарган кыргызстандык бала
Кыргызстан жаңылыктары
"Крокус Ситиде" 100дөн ашуун адамды куткарган кыргызстандык бала

"Крокус Сити Холлго" болгон кол салууда 100дөн ашуун адамды аман-эсен куткарып калган өспүрүм кыргызстандык бала. Мындай маалыматты Орусиянын басылмалары жазууда. 15 жаштагы Ислам Халилов Москвада 8-класста окуйт. 

Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 15 жыл мурда Орусияга иштегени барган. Ал бир жылдан бери "Крокус Сити Холлдун" кийим илген бөлүмүндө иштеп жүргөн. Буга чейин ММКда теракт тууралуу кабар жана эскертүүлөрдөн улам кызматкерлери үчүн атайын окутуу жүргүзгөн экен. Ошондо айтылган эреже менен 100дөн ашык кишини кызматчылар кирип-чыга турган эшик аркылуу чыгарган. Ызы-чууда өзүн эмес, элди ойлоп эвакуация кылган кыргыз жигитине социалдык түйүндөрдө алкыш айтылууда. Буга чейин дагы кыргызстандык жаран Марат Исаев темир жолго жыгылып кеткен москвалык аялды куткарып калган. Бул эрдиги үчүн ага Владимир Путин медаль тапшырган. Дегеле кыргыз жарандарынын ак жүрөк, жардамга биринчи болуп чуркай турган сапаттарын далилдеген видеолор социалдык түйүндөргө көп жүктөлөт. Катарында блогердин эксперимент кылган тасмалары дагы бар. Анда негизинен кыргыз жарандары дароо жардам колун сунган. Ошол эле "Крокус Сити Холлдон" качып чыккандарды кыргыз таксисттери акысыз ташыганы дагы айтылууда.