Жаңылыктар
Элдерди куткарган Исламдын үй-бүлөсү сузактыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Элдерди куткарган Исламдын үй-бүлөсү сузактыктар

“Крокус Ситиде” жүздөгөн адамдарды куткарган Ислам Халилов үч бир туугандын улуусу жана сузактык жигит экенин Президенттин Администрациясыны маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Ал Ислам жана анын ата-энеси менен видео аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялады. Анда Ислам бул окуяда өзүм эле эмес, көптөгөн адамдар өмүр менен кош айтышарын түшүнүп, өзүмдү колго алып, элди ээрчитип алып чыктым деген. Эскерте кетсек, Ислам сыйлыкка көрсөтүлгөнү кабарланды. Аны Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыкка көрсөткөн. Ислам Халиловдун өзүнө жана атасына жеке чакыруу жөнөтүлгөн. Келе жаткан жума күнү ага Орусиянын мусулмандарынын “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылары кабарланды.