Жаңылыктар
Москвадагы кыргызстандыктар донор борборлорунда кан тапшырууда
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы кыргызстандыктар донор борборлорунда кан тапшырууда

Орусиянын аймагында жашаган кыргызстандыктар Крокус ситидеги окуяга кайдыгер карабай, жабыркагандарга жардам катары кан тапшырууда. 

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат да "Крокус сити холлдогу" терактыдан жабыркагандарга донор борборунда кан тапшырды. Кан тапшырууга баргандардын арасында кол салуудан жабыркагандарга кайдыгер карабаган кыргыз жарандары, элчиликтин кызматкерлери дагы бар. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн бул нерсе үрөй учурган террордук чабуулдан жабыркагандарга колдоо жана жардам көрсөтүүнүн белгиси экенин айтышты.