Жаңылыктар
Камсыздандыруу - эртеңки күнгө кепилдик
Кыргызстан жаңылыктары
Камсыздандыруу - эртеңки күнгө кепилдик

Айттырбай келген тилсиз жоо-жер титирөө, суу ташкыны, сел, жер көчкү, өрт сыяктуу кырсыктардан эч ким корголгон эмес. Табияттын алдында адамдын алсыз экендигин көрсөткөн кубулуштар ушулар болсо керек. Айыл жергесин айтпаганда да кечээки жамгырда борбордун өзүндө эле "Арча-Бешик" конушунда 32 үйдү суу каптады. Жаздагы туруксуз аба ырайында мындай окуялар ондоп саналат.

Ар кандай табият кырсыктарын алдын алуу же андай кырсык катталган учурда жоопкерчилик менчик ээлеринде болушу үчүн 2016-жылы турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок аталган мыйзам жалпы өлкө боюнча текши иштебей келет. Заманбап дүйнөдө камсыздандыруунун ролу күн санап күчөгөнү менен кыргыз коому үчүн бул түшүнүк дагы деле жат бойдон калып келген. Узап бара жаткан аптада Президент мамлекет камсыздандыруу тармагын колдоо жана өнүктүрүү жоопкерчилигин өзүнө алганын билдирди.