Жаңылыктар
Мобилдүү клиника Сокулуктагы элди акысыз кароодо
Кыргызстан жаңылыктары
Мобилдүү клиника Сокулуктагы элди акысыз кароодо

Узап бара жаткан жумада Президент Садыр Жапаров, Чүй облусунун Сокулук районундагы мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши менен пландан тышкары барып таанышты. Ал жерде жарандар акысыз кароодон өтүп, ар кандай ооруларды аныктоо боюнча консультация алып жатышкан. Аталган комплекс Сокулук районунда үч ай иштеп, андан ары Нарын облусуна жөнөтүлөт. Буга чейин мобилдик клиника республиканын түштүк облустарында иштеп келген.

Бул долбоор беш жыл бою ишке ашат. Бул мезгил аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек, аппаратура жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылат, ал эми мамлекет дарыгерлердин айлык акысын төлөп берет. Көчмө клиника ооруларды аныктоо үчүн бардык заманбап жабдыктар менен жабдылган.