Жаңылыктар
Нооруз майрамы өлкөдө кандай белгиленди?
Кыргызстан жаңылыктары
Нооруз майрамы өлкөдө кандай белгиленди?

Улустун улуу күнү саналган Нооруз майрамы бул жылы ыйык орозо айына туш келип, жалпы өлкө боюнча өзүнчө шаң салтанат белгиленди. Күн менен түн теңелгенде, жаз менен кошо келген бул майрам жан дүйнөгө аруулук тартуулап, ар бирибизге жаңы үмүт берет. Элибиз эзелтен, жаздан жаӊылыкты, жайдан берекени, күздөн токчулукту, кыштан амандыкты тилеп, Нооруз майрамын тосуп алышкан. Абалкыдан калган бул жөрөлгө азыр да аткарылып келет.