Жаңылыктар
Жаңы 249 объект: Алды колдонууга берилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы 249 объект: Алды колдонууга берилүүдө

Ички дүң өндүрүмгө салым кошуу жагынан улуттук экономиканын эң маанилүү тармактарынын бири курулуш болуп саналат. Ал социалдык-экономикалык өнүгүүдө маанилүү ролду ойнойт. Курулуш-бул өнүгүүнүн көрсөткүчү. Соңку жылдары Кыргызстандын ири шаарларында, өзгөчө баш калаа Бишкекте курулуш тармагы катуу жанданып, ондогон көп кабатуу үйлөр курулду. Жеке сектор менен бирге эле мамлекеттик курулушта дагы динамика бар.

Социалдык обьектилер, мектеп, бала бакча, оорукана, жол, таза суу курулмалары, ипотекалык үйлөр, стадион, аэропорт, темир жол баштаган масштабдуу долбоорлор ишке ашып жатат. Маселен мамлекет курулуш тармагына быйылкы жыл үчүн 8 млрд сом бекиткен. Ага жалпысынан өлкө боюнча 381 объектте курулуш иштерин жүргүзүү пландалган. Анын ичинен 248 объект жаңыдан курулуп, 80 объект капиталдык оңдоодон өтөрү мерчемделген.

 Андан тышкары курулушу узакка созулган 135 объект бүткөрүлөт. 55 айыл таза суу менен камсыз болот.154 мектеп менен 45 бала бакча курулуп, 58 мектеп жана 5 бала бакчада оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул албетте мамлекеттин негизги камкордугу-социалдык инфратүзүмдү жакшыртуу багытындагы жумуштар. Курулуштагы мындай динамикага жараша талап- эрежелер да өзгөрүүдө.