Жаңылыктар
Былтыр Россиядан 515 миллион доллар түз инвестиция келген
Экономика
Былтыр Россиядан 515 миллион доллар түз инвестиция келген

Былтыр Россиядан Кыргызстанга 515 миллион доллар түз инвестиция келген. Бул тууралуу  ЕАЭБдин  алкагында товарлар менен жумушчу күчүнүн, тейлөө жана капиталдын эркин кыймылы боюнча өткөн жыйында айтылды.

Иш-чарада бизнеске жана товарлардын эркин жүгүртүлүшүнө тоскоолдуктарды жоюу маселелери боюнча пикир алышуу болуп, жетишкендиктер менен катар эле кемчиликтер дагы саналды. Ал арада жергиликтүү серепчилер интеграцияны өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди күчөтүү учур талабы экенин айтышууда.

ЕАЭБ маселелерин талкуулаган жыйында Кыргызстандын  биримдикке  толук мүчөлүгүнүн бир жылдыгына, андагы жетишилген ийгиликтерге, ошондой эле Биримдиктин жаңы шарттарында өлкө  туш болгон кыйынчылыктар жана экономикалык интеграциянын келечектерине өзгөчө көңүл бурулду. Ага  өкмөт өкүлдөрү менен катар ЕЭКнын өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык деңгээлде ЕАЭБнын келишимдерин ишке ашырууда  маселелер боюнча адистер жана эксперттер, бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"