Жаңылыктар
Ачылган өндүрүш, түзүлгөн жумуш орун
Кыргызстан жаңылыктары
Ачылган өндүрүш, түзүлгөн жумуш орун

Экономика министрлигинин билдиришинче акыркы үч жылда дээрлик 1 миллиард долларлык инвестиция менен 60 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 7700дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Былтыр өлкөнүн ички дүң продукциясы бир трлн сомдук тарыхый чектен ашты. Негизи өнөр жайды өнүктүрбөй туруп, мамлекеттин бүтүндөй өнүгүшү тууралуу кеп кылууга болбойт.

 Анткени дал ушул багыт өлкөдөгү бардык процесстерди алдыга жылдыруучу маанилүү фактор болуп саналат. Өндүрүш кубаттуулугу кеңейген сайын мамлекеттин өнөр жай кубаттуулугу да өсөт. Эң негизгиси эл жумуш орундары менен камсыз болот. Казынага салык түшөт, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгү кеңеет. Андыктан республика ар бир заводдун жана ишкананын иштешине жана өнүгүшүнө кызыкдар.

Учурда өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлор арбын. Маселен быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын карата эле өлкөдө 100 ири объекттин ачылышы күтүлүүдө. Анын ичинде Чүй облусунда цемент заводу, электр станциялары жана башка долбоорлор бар. Жакында эле унаа чыгара турган ишкананын курулушу башталды, кыргыз-өзбек биргелешкен унаа заводунун ачылышы күтүлүүдө.