Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери тынымсыз негизде жүргүзүлүүдө, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Реконструкция иши 20 күндөн бери жургүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСтеги №1 ГАны реконструкциялоодо төмөнкүдөй иштер аткарылды:
- Турбинанын шахтасында генератордун жана турбинанын валын ажыратуу (штифтерди демонтаждоо) жүргүзүлүп жатат
- Май басымын орнотуучу системасынын трубалары 724,00м бийиктикте демонтаждалууда
- Турбинанын шахтасында багытточуу канаттарынын втулкасын демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат
- Турбинанын шахтасында сервомотордун рычагы жөнгө салуучу шакекчеден демонтаждалууда
- Демонтаждалган жабдууларды жана тетиктерди кампага ташылууда
- Генератордун шахтасында полюстардын байланыштарын ажыратуу
- Генератордун түркүктөрүндөгү клиндериндеги бириктирилген ширетүүлүр алынууда
- Генератордун статорунун түйүндөрүн ажыратуу
- Көмөкчү генераторду демонтаждоо
- Көтөрүү жерлеринде үстүнкү кайчылаштын буттарындагы бош гайкаларды бекемдөө
- GE кампасында комбинациялуу подшипниктерди муздатуу системасынын коллектордук түтүктөрүн гидравликалык сыноого даярдоо иштери жүрүүдө
- 707-710м бийиктикте ГА-1 муздатуу системасынын түтүктөрүн монтаждалып жана ширетүүлү иштери жүргүзүлүп жатат
- 760,00м бийиктикте өрт өчүрүү системасынын түтүктөрү демонтаждалууда
- 718,50м бийиктиктеги Т-1 муздатуу системасынын бөлмөсүнүн өрт өчүрүү системасынын монолиттүү түтүкчөсүнүн айланасындагы бетонду алуу иштери жүргүзүлүүдө
- 713.00м бийиктикте дренаждык системанын түтүктөрү орнотулууда
- 713м бийиктикте фильтрлерди монтаждоо жана валды тыгыздоосу үчүн түтүктөр жана фланецтер ташылып жатат
- 710м бийиктикте ГА-1 муздатуу системасынын суунун басымын жөнгө салуучу түтүктөрдү жана клапандарды чогултуу
- 718.50 бийиктикте №61 дренаждык түтүктүн айланасында бетонду алууда
- 732м бийиктикте негизги көмөкчү трансформатордун №21 трансформаторунун ток өткөргүчтөрүн демонтаждоо иштери жасалууда
- Т-1 негизги трансформаторунун ток өткөргүч мамычалын демонтаждоо
- ГА-1 панелдеринин жайларында дүлүктүргүч системасында асбестти тазалоочу камераларды жана жабдууларды монтаждоо иштери жургузулуп жатат
- 726.50м бийиктикте ГА-1 башкаруу жана коргоо панелдеринин рамасы орнотулууда
- Кемчиикке каршы ултра-үндүк контролдук текшерүүлөр үчүн ГА-1 спиралдык камерасында ширетилген бирикмелерди кум чачуу ыкмасы менен тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат
- 726,50 бийиктикте курулуш шатыларын монтаждоо иштери аткарылууда.
«Электр станциялар» ААКнын Токтогул ГЭСнин №1 ГА ийгиликтүү аткарылып ишке берилсе, кошумча 60МВт кубаттуулукка көтөрүлөт