Жаңылыктар
Оторбаев: өз жанын кыйгандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Оторбаев: өз жанын кыйгандар көбөйдү

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" улуттук госпиталдын мындан эки жыл мурун башталган ремонттук иши эмдигиче бүтпөй турганын, оорукананын жетекчиси мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева экенин, биз билгени Динара айым министр болуп деле кыйратып иштебегенин эске салган чуудан башы чыкпаган жагдайды,  коомчулуктун көңүлүн бурган же ректор Кудайбергенованын өзүм билемдиги туурасында жазылган Иса Ахунбаев атындагы медакадемиядагы кадрдык башаламандыкты,

 Дастан Сарыгулов үй камагына чыкканын, Абеков кимдир бирөөлөрдүн абийир ачып ийчү сөз айтаарын жар салып, жарыкка чыкты, “Республика-Ата журт” партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбекова тарабынан каржыланган үгүт материалына орун берди. Ар дайым тартыштык менен кабыл алынган бюджеттин цифралары менен да тааныша аласыз. Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин өз жанын кыйгандар көп экенин айтып чыкканын да бүгүнкү "Фабула" жазды. Кененирээк аудио аркылуу укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"