Жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана референдумга карата тизмелерди тактоо иштери жүрүп жатат. Добуш берүүгө биометрикалык маалыматын тапшыргандар катышат. 26-ноябрга чейин ар ким өзүн тизмеден тактоого тийиш.
Ал арада шайлоодо фальсификация болоорунан күмөн санагандар да болууда. Ал эми жарандардын көпчүлүгү добуш берүүгө даярдыктарды көрүп жаткандыктарын айтууда.
Кошумчалай кетсек, 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт. Бул жолу жарандар 22 шаарда жана 384 айылда жергиликтүү кеңешке депутаттарга добуш берет. 11-ноябрда шаардык кеңештерге, ал эми 26-ноябрда айылдык кеңештерге үгүт иштери башталды.
Ал эми Бишкек шаардык кеңешке 14 партия ат салышууда.
Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"