Жаңылыктар
Рязановдун көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак
Маданият
Рязановдун көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак

Легендарлуу өчпөс фильмдерди жараткан, СССРдин эл артисти, белгилүү орус кинорежиссеру Эльдар Рязановдун көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. 

Эске салсак, улуу талант бир жыл мурун ноябрь айында дем алуу органдарындагы ооруга байланыштуу көз жумган болчу.  

Атактуу кинорежиссер Эльдар Рязанов 30дан ашуун фильмдерди жаратып, көпчүлүгү СССРдин жана Орусиянын хиттерине айланган. 

"Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен!", "Кызматтагы роман", "Карнавал түнү" тасмалары ийгиликтерди жаратып, атакка алып келген . 


Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"