Жаңылыктар
Астанада кыргыз-казак бизнес форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Астанада кыргыз-казак бизнес форуму өтөт

Президент Садыр Жапаровдун Астанага күтүлүп жаткан расмий сапарынын алкагында 17-апрелде эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт. Ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү болот. Форум Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү саамалык болмокчу. 

Иш-чара кыргыз-казак бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана соода жана инвестициялык мамилелерди өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Улуттук агенттик ата мекендик компанияларды, ассоциация жана уюмдарды бизнес-форумга жана көргөзмөгө катышууга чакырат. Каалоочулар 4-апрелге чейин каттоодон өтүшү керек.