Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында 2 ирет жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстандын аймагында 2 ирет жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында 25-ноябрга караган түнү  2 ирет жер титирөө катталды. 

Сейсмология институту билдиргендей, жердин силкинүүсү 4 баллды түздү. 

Анын очогу Тажикстандын аймагында, Алай районунун Бор-Дөбө айылынан 30 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 148 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. 

Силкинүү күчү Бор-Дөбөдө 2,5 балл болгон. Буга удаа түнкү саат 2лер чамасында дагы бир жер титирөө болуп, анын очогу кыргыз-өзбек чек арасында орун алып,3 балл болгону кабарланды.