Жаңылыктар
Москвадагы 4 жаштагы баланы өлтүргөн аял кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы 4 жаштагы баланы өлтүргөн  аял кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду

Москванын Хорошев соту 4 жаштагы баланы өлтүргөн Өзбекстандык Гүлчахра Бабакулованы кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, мажбурлоо менен психикалык жактан дарылансын деген чечим кабыл алды. 

Ошондой эле сот 4 жашар кыздын ата-энесинин жана Бабакулова өрттөгөн үйдүн ээсинин арызын караган жок. 

Соттун пикиринде материалдык чыгымды төлөө жарандык негизде каралышы керек. 

Ата-энесинин чыгымын прокуратура 5 млн рубль, батир ээсинин чыгымын 1 млн 48 миң рубль деп баалады. Эске сала кетсек, өткөн жылдын февраль айында Москвада каргашалуу окуя болгон. 

Бала багуучу болуп иштеген Өзбекстандык Бабакулова 4 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп, үйдү өрттөп кетип калган. 

Күбөлөрдүн айтымында Бабакулова баланын кесилген башын колуна кармап, өзү менен өзү сүйлөшүп, полиция менен жолдон өткөндөрдү коркутуп басып жүргөн. Текшерүүдөн соң 39 жаштагы Бабакулова психикалык жактан жабыркаганы аныкталган.