Жаңылыктар
Москвада кыргызстандык терроризмди актоого айыпталып кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада кыргызстандык терроризмди актоого айыпталып кармалды

Москвада "Крокус сити холл" концерттик залында болгон теракт жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн Кыргызстандын жараны кармалды. Маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Билдирмеге караганда, кармалган кыргызстандыкка Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин терроризмди ачык актоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын элчилиги иштин жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн Россиянын тергөө органдарына суроолорду жөнөткөнү белгиленди. 

Ошондой эле зарыл болгон учурда консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрү айтылды. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө турат.