Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда

Өлкө боюнча жыл жыйынтыгын чыгарып, коллегиялык жыйындарды өткөрдүк. Келерки жылдын пландары бекитилди. Жылдын 1-чейреги аяктады. Өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүүнү сактап жатканын белгилегим келет. 2022-жылы ИДП 9% түздү, биз 2023-жылды 6,2% өсүү менен аяктадык. Номиналдуу ИДП: маселен 2020-жылы ИДП 639,7 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, ал 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.  

Ал ошондой эле пандемияга чейинки мезгилдеги эң оор мезгил дайыма 1-квартал болгонун эске салды. Каражаттын жетишсиздигинен жумуш өз убагында башталбай, көрсөткүчтөр төмөн бойдон калып келген.  

“Бул биздин экономиканын акыркы жылдары калыптанып калган жана акырындап өнүгүп келе жаткан пост-ковид жана геосаясий кырдаалга ыңгайлашып жатканын далилдейт.Ошол эле учурда жалпы инфляция процесси 2023-жылы жыл башындагы 14,7%дан 7,3кө чейин төмөндөгөн, ал эми 2024-жылдын акырына карата көрсөткүчтөр 6,5%дан 5,5%га чейин болоору болжолдонууда.Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда”, – деди МинКаб Төрагасы.