Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Үч жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Үч жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду

Курулуштун көлөмү 3 жылдын ичинде жогорку деңгээлге жетти. Айрыкча социалдык объектилерди курууну колго алдык. Акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду, ошондой эле 125 айылдын таза суу маселеси чечилди.  Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягына чейин билим берүү тармагынын 140 объектисинин курулушу аяктаган. 

Мындан тышкары Баткен облусунда 417 турак жай жана 23 социалдык объект пайдаланууга берилди. Үч жылдын ичинде Ош облусунда 113 объект, анын ичинде 73 мектеп жана бала бакча курулган. Жалал-Абад облусунда 66 объект (38 мектеп), Баткен облусунда 67 социалдык объект курулган. Быйыл Чүй облусуна басым жасайбыз. Өткөн жылы калкы эң көп Чүй облусунда 15 гана мектеп курулган.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын  Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө билдирди.