Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: 18 жашка чыккан томолой жетим балдарга 500 миң сомдон төлөнөт
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: 18 жашка чыккан томолой жетим балдарга 500 миң сомдон төлөнөт

Мамлекеттик саясаттын социалдык багытын өнүктүрүүнүн алкагында биз Президенттин Жарлыгын даярдадык, ага ылайык томолой жетим балдарга 18 жашка толгондо 500 миң сом төлөнөт. 

Учурда өлкөдө 1868 жетим бала бар. Алар үчүн быйылкы жылдан баштап 270 миллион сом банктарга жайгаштырылат. Биздин сиздер менен максатыбыз бир – элибиздин кызыкчылыгын коргоо жана бакубаттуулугун камсыздоо. 

Кыска мөөнөттүү жана перспективдүү пландар бекитилип, иш жүрүп жатат. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өлкөдө 100 өнөр жай жана 100 социалдык объектилер ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.