Жаңылыктар
Кыргыз боз үйүнө окшош стадион салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз боз үйүнө окшош стадион салынат

Сыйымдуулугу 45 миң орунга чейин жеткен дүйнөлүк стандарттагы футбол стадионунун курулушу жигердүү жүрүүдө. Анын жүрүшүнө УКМК төрагасы - Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев барып көз салды. Өлкөдө мындай масштабдагы стандион биринчи жолу курулууда. Анын долбоорун даярдоого чет элдик архитектор, адистер тартылып, жумушчулар үчүн атайын чакан шаарча да салынган.