Жаңылыктар
Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга келет
Кыргызстан жаңылыктары
Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга келет

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапары менен келет, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Жейхун Байрамов кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2024-жылдын 8-9-апрелинде келет.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.