Жаңылыктар
Токмок шаарындагы социалдык объекттердин абалы текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаарындагы социалдык объекттердин абалы текшерилүүдө

Суук демекчи Чүй облусунда 10-11 градус болуп турганда Токмоктогу балдар үйү жылуулуксуз отурду. Мындан улам, Токмоктун мэри премьер-министрдин сынына кабылды. 

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Токмок шаарынын социалдык объектилерин кыдырып, балдар үйү, ооруканалар жана мектептерди жылуулук менен камсыз кылууда көйгөйлөр болбошу керек деп белгиледи. 

Суук күндөрү Токмок шаарындагы балдар үйү бир нече күн жылуулуксуз отурган. Бул маалымат интернет тармагында октой тез таралып, кызуу талкуу жараткан. Негизи мындай жерде жылуулуктун көрсөткүчү 20 градустан төмөн болбошу керек. 

Токмок шаарындагы социалдык объекттердин кышка даярдыгын премьер-министр өзү барып текшерүүгө алды.