Жаңылыктар
Добуш сатып алууга бөгөт койгон мыйзам долбоору
Саясат
Добуш сатып алууга бөгөт койгон мыйзам долбоору

Шайлоочулардын добушун сатып алууга бөгөт койгон мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште келерки жумада каралмай болду. Бул тууралуу тармактык комитеттен билдиришти. 

Эске салсак, шейшемби күнү мыйзам долбооруна Конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев каршы чыгып, добуш берилбей калган. 

Жаңы мыйзамга ылайык, добуш сатып алууга катышкан бардык жактар кылмыш жоопкерчилигине тартылат, болгондо да 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жаңы мыйзамга ылайык, добушту сатып алууга аракет кылгандар, добушун саткан шайлоочуларга да кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлүп жатат. Бул маселени жөнгө салган мыйзамдар буга чейин да болгон, бирок анда айыпталуучуну жазага тартуу тартиптери так аныкталган эмес.