Жаңылыктар
Папан суу сактагычына чаккан ГЭС курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Папан суу сактагычына чаккан ГЭС курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

 Энергетика министрлигинен билдиргендей, макулдашууга «Чакан ГЭС» ачык акционердик коому башкы директору менен «Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору кол коюшту.

Инвестициялык долбоордун көлөмү 27 миллион долларды түзөт.