Жаңылыктар
Жаңы автобекет: Каракол, Бостери, Балыкчы каттамдары ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы автобекет: Каракол, Бостери, Балыкчы каттамдары ачылды

“Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы, бүгүн, 10-апрелден тарта Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына байма-бай эмес тартипте маршруттук каттамды иштетти. Каттамды тейлөө үчүн 10 кичи маршруттук унаа даярдалды. Алар күн сайын 12:00дөн тарта “Бишкек автобекетинен” чыгышат. Жол кире акысы Бишкек – Каракол – 450 сом, Бишкек – Бостери – 350 сом, Бишкек – Балыкчы – 300 сомдон. Билетти аралыктан онлайн сатып алууга болот. Ал үчүн +996704190589, +996700981080 номерлерге байланышуу зарыл. Белгилей кетүүчү жагдай, жаңы ачылган маршуттук каттам туруктуу эмес каттам болуп эсептелет. 

Республиканын аймагында автоунаа транспорту менен жүргүнчү ташууну уюштуруунун эрежесине ылайык, буйрутма, атайын, туристтик-экскурсиялык, коммерциялык маршруттар туруктуу эмес болуп бекитилген.