Жаңылыктар
Нарын: шаар көркүн бузган имараттар оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: шаар көркүн бузган имараттар оңдолот

Нарын шаарында кирип-чыккан кишиси жок ээн, эскилиги эбак жеткен,же оңдолбой ,шаардын көркүн бузуп жылдап турган имараттар бар. Алардын саны 28. Көпчүлүгү жеке менчик тараптардыкы.Учурда айрымдары Нарын шаардык мэриясынын карамагына өтүүдө.Эми алар калкты турак жай менен камсыз кылуу жана жумуш ордун тузүүчу ишканалар болоору пландалууда. Ошондой эле менчик ээлерине имараттарды жакын арада оңдоп-түзөп кайрадан жандантуу тапшырмасы коюлууда.