Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.
Ата мекендик спортчу 68 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдык баскычтан баштап катышты.
Алгач Түндүк кореялык По Гуонг Ри аттуу спортчуга 5:6 эсебинде утулуп келе жатып туше ыкмасын колдонуп жеңишке жетти. Жарым финалдык беттеште индиялык Радхия Радхияга утулду.
Ал эми 3-орун үчүн казакстандык Альбина Каиргелдиновага дагы бир ирет туше ыкмасын колдонуп, таза жеңишке жетти.