Жаңылыктар
Билим берүүнүн сапаты качан оңолот?
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүүнүн сапаты качан оңолот?

Авариялык абалдагы мектептердин баары үч жыл ичинде оңдолуп бүтөт. Министрлер Кабинетине былтыр дал ушундай милдет жүктөлгөн. Жалал-Абад аймагындагы билим уялардын дээрлик бардыгы өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган. Алардын кээ биринин эскилиги жетип, кооптуу абалда. Ошентсе дагы балдар 2,3 нөөмөттө билим алууга муктаж. Өлкө башчы Садыр Жапаров билим сапатын жакшыртуу үчүн алгач ыңгайлуу шарт түзүү керектигин белгилеген.