Жаңылыктар
Күн, шамал - энергетикалык коопсуздукка карай
Кыргызстан жаңылыктары
Күн, шамал - энергетикалык коопсуздукка карай

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы күн электр станциясын куруу долбоорунун наркы 300 млн долларды түзөт. Кубаттуулугу 400 МВт болгон станцияны курууга былтыр жазында  капсула салынып, андан бери жер катмарын жана техникалык экономикалык негиздемелери даярдалып, курулуш иштеринин биринчи этабы башталды. Долбоордун алкагында Тору-Айгырдан Кемин подстанциясына чейинки узундугу 80 км болгон 500 киловольттук жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат.