Жаңылыктар
Өлкөдө социалдык турак жайлардын курулушу көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө социалдык турак жайлардын курулушу көбөйөт

Өлкөдө турак жайга муктаж миңдеген үй-бүлө бар. Алардын бир тобу тапкан-ташыганын ижарага берип ар кайсы жерде баш калкалап жатса, дагы бири ар кандай курулуш компанияларына үлүштүк каражаттарын салып, батиринин бүтүшүн күтүп отурат. Бир топ жылдан бери карапайымдар кантип батир алат деген суроо көтөрүлүп бирок ал алгылыктуу чечилбей келген эле. Акыркы жылда бир нече жерде Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта бериле турган үйлөр курулууда. Буга чейин Мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров былтыр Жаштар форумунда сөз сүйлөп жатып, насыяга кезекте турган 13 миңдей адам эки жыл аралыгында ипотекалык үй менен толук камсыз болорун айткан.