Бишкек шаарындага гана эмес бардык аймактарда ооруканалардын имараттарын жакшыртып, аларды заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо, дарыгерлердин эл аралык талапка жооп бергидей тажрыйба алышына мүмкүнчүлүк түзүү – мунун баары калк саламаттыгына кам көрүүдөгү негизги аракеттер. Жалал-Абадда облустук клиникалык оорукананын жаңы курулган имараты ишке кирди. Үч кабаттуу ооруканада терапия, неврология жана “жасалма” бөйрөк бөлүмдөрү жүздөй бейтапка ылайыкталган.