Жаңылыктар
Жыл аягына чейин ички дүң продукция 1 трлн 410 млрд сом болоору болжонду
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл аягына чейин ички дүң продукция 1 трлн 410 млрд сом болоору болжонду

Жалпылап карай келгенде бүгүн ар бир тармакта курулуш жүрүп жатат. Ошол эле ипотеканын үйлөрү, мектеп, бала бакча, оорукана, жол, таза суу курулуштары ар бир аймакта бар. Маселен, акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулган, 125 айылдын таза суу маселеси чечилген. Андан тышкары мамлекет социалдык камкордукту жакшыртты, жөлөк пулдар көбөйдү, бюджеттен маяна алгандардын айлыгы жогорулады. Техникалар алынып жатат. Албетте, мунун баары казынада каражат болбосо, экономикада жылыш болбосо кайдан аткарылмак эле.