Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында кар жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында кар жаайт

Шашылыш билдирүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 26 - 28-ноябрга чейин аба ырайы суук болуп, кар жаайт. Буга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында, Төө-Ашууда, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында, Кара-Кулжа -Алайкуу, Нарын - Казарман каттамында жана Каракол-Эңилчек жолунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Мындан улам, унаалардын ортосунда аралыкты так сактоо зарыл экенин министрлик эскертет.