Жаңылыктар
УТРК – УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДО
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК – УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДО

Ооба, заман өзгөрдү. Мурда элибиз телекөрсөтүүлөрдү үйлөрүнөн чыкпай, белгиленген саат-мүнөттө көрүшсө, азыр телевизор көрүү адаты алмашты.

Телекөрсөтүү менен интернеттин айырмасы кандай? Жооп оңой эле! Интернеттен сиз каалаган маалыматты күнү-түнү, кайсы гана убакыт болбосун ала аласыз. Эгерде буга чейин телеканалдан кайсы бир көрсөтүүнү белгиленген убакытта көрүп келсеңиз, бул учурда интернет сизге жардамга келет. Сиз каалаган телекөрсөтүүнү веб-сайт аркылуу каалаган убактыңызда, талаадабы, тоодобу, кайсы жерде жүрсөңүз көрө аласыз. УТРК бул мезгил талабынан артта калган жок. Биздин журналисттер даярдаган көрсөтүүлөр интернет желесинин бардык тармагына таратылып келет.

Биздин баракчаларга катталып, УТРКда даярдалган көрсөтүүлөрдү каалаган убагыңызда көрүңүз:


Facebook - https://www.facebook.com/UTRKkg

Youtube (УТРК) - https://www.youtube.com/@UTRKkgchannel/streams 

Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?igshid=YmMyMTA2M2Y%3D 

Телеграм - https://t.me/ktrk_live 


УТРКнын жетекчиси Болотбек Тиллебаев иштеген мезгилден бери материалдык-техникалык базабыз тынымсыз чыңдалуунун үстүндө. Заманбап жаңы технологиялар пайдаланылып, кызыктуу тележасалгалар даярдалып, көрүүчүлөрүбүздүн катары күндөн-күнгө өсүп барат. Чет элдик тележамааттар менен достук, кызматташтык байланыштар, келишимдер түзүлүүдө. Кыскасы, кыргыздын улуттук телевидениеси заман талабынан артта калбай өсүү жолунда.

Биздин телекөрсөтүүлөрдү үйдөгү телесыналгыдан көрүүгө үлгүрө албай калсаңыз, сөзсүз түрдө интернет тармагы аркылуу, уюлдук телефонуңуз аркылуу көрүңүз!

Улуттук Биринчи канал – Сиздин жана Биздин канал!

Гүлмира Кулумбаева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тележурналист.