Жаңылыктар
Кочкор районунда кыска мөөнөттүү он бала бакча ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор районунда кыска мөөнөттүү он бала бакча ачылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыска мөөнөттүү он бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери 16-апрелде ачылган.

Жалпы облус боюнча кыска мөөнөттүү дагы 69 бакча түзүлөт. Алардын райондор боюнча бөлүштүрүлүшү:
• Жумгал району – 10;
• Кочкор району – 20;
• Нарын району – 24;
• Ат-Башы району – 18;
• Ак-Талаа району – 6;
• Нарын шаары – 1.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Эскерте кетсек, 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан. Алар учурду ийгиликтүү иштеп келет.