Жаңылыктар
ӨКМ: Абла суусуна 7-8 тонна керосин төгүлдү
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: Абла суусуна 7-8 тонна керосин  төгүлдү

 25-ноябрда кечинде Бишкек-Ош унаа жолунда авиакеросин жүктөп бараткан жүк ташуучу унаанын прицебинин илгичи үзүлүп, натыйжада болжол менен 7-8 тонна керосин жолго жана Абла суусуна төгүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктан жабыркагандар жок. Жол тейлөө ишканасы күйүүчү май төгүлгөн каттамды тазалады.

 Эскерте кетсек, унаада жалпысынан 38 тонна керосин болгон. Ошондой эле жергиликтүү калкка зыян келтирбөө үчүн Сосновка жана Талды-Булак айыл өкмөттөрүнө караштуу суу коргоо курулмаларында убактылуу суу жабылып, суунун үлгүсү лабораторияга жөнөтүлдү. Анткени зыяндуулугу бар же жогун аныктоо керек.