Жаңылыктар
Шайлообек Дүйшеевге Ч.Айтматовдун сыйлыгы тапшырылды
Маданият
Шайлообек Дүйшеевге Ч.Айтматовдун сыйлыгы тапшырылды

Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеевге КМШ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылды. 

Сыйлыкты тапшыруу салтанаты Санкт-Петербург шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган расмий делегациянын катышуусунда өттү. Орусиянын улуттук китепканасынын жаңы имаратында Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы тууралуу жолугушуу уюштурулду. Анда кыргыз улуттук адабиятынын Орусияда жана башка мамлекеттерде жайылтылышы тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлду.