Жаңылыктар
Акылбек Жапаров ири компаниялардын жетекчилери менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров ири компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Сан-Франциского жумушчу сапарынын алкагында Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду. Apple Park IT компаниялардын технологиялык кеңселеринин бири болуп саналат. Делегация Apple Park концепциясы, имараттардын архитектуралык-долбоордук чечимдери, санариптик инфраструктура менен таанышты. 

Өкмөт Кыргызстанда IT-парк түзүүнү пландоодо. Аpple Inc компаниясынын өкүлдөрү менен корпорациянын башкы кеңсесине болгон сапардын алкагында кызматташтыктын келечеги, Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүү жана өлкөдө IT-долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланды. 

Ошондой эле Apple өнүмдөрү үчүн Siri үн жардамчысы аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү, компаниянын аппараттарына жер титирөөдөн эскертүү функциясын киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана башка бир катар функцияларды ишке киргизүү маселелери көтөрүлдү.