Жаңылыктар
Дүйнөлүк каржы институттарын кызыктырган - Камбар-Ата 1
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк каржы институттарын кызыктырган - Камбар-Ата 1

Узап бара жаткан жумада АКШнын баш калаасы Вашингтондо Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун уюштуруусунда “Жазгы жыйындар” деп аталган дүйнөлүк финансылык уюмдардын жана өкмөттөрдүн жолугушуулары өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, иш-чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы жана Европа инвестициялык банкынын жетекчилери менен жолугушту.