Жаңылыктар
"TEXPO - 2024": Кызматташтыктын жаңы багыттары
Кыргызстан жаңылыктары
"TEXPO - 2024": Кызматташтыктын жаңы багыттары

Расмий статистика боюнча Кыргызстанда жеңил өнөр жайынын жылдан-жылга өнүгүп бара жатканын көрүүгө болот. 

Маселен, 2023-жылы өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү мурдагы жылга караганда 60 пайызга өскөн. Мында дээрлик 17 млрд сомдой турган жалпы көлөмдүн 80% жакынын кийим тигүү өндүрүшү түзөт. 

Өлкө боюнча миңдеген үй бүлөлөр ушул тармактын аркасы менен каражат табат. Ар кандай эсептер боюнча, тармакта 250 миңден 300 миңге чейин адам жумуш оруну менен камсыздалган.