Жекшемби, 28-апрелде борбор калаада велосезондун ачылышы болот.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын күнүнө арналган веложарыш саат 10:00дө Кыргызстан – Азербайжан Достук паркында башталат.
Каттоо саат 09:00дөн 9:30га чейин болот. Катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде аяктайт.
Мындан тышкары, иш-чара концерттик программа менен коштолот.
Белгилей кетсек, жол жүрүү маршруту төмөндөгү схема боюнча жабылат: