Кыргызстанда Ош жана Жалал Абад облустарынын бир нече райондорунда сел жүрдү. Таластагы табият кырсыгы да өзгөчө кырдаал абалын киргизүүгө мажбур кылды. Жалпы эсептегенде Кыргызстанда сел жана суу ташкындоо коркунучу жогору үч жарым миңден ашык аймак бар. Анын үчтөн биринде калк жашайт.