Жаңылыктар
Кыргызстан - Азербайжан мамилелеринин пайдубалы бекемделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Азербайжан мамилелеринин пайдубалы бекемделүүдө

Бул аптада өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Азербайжан өлкөсүнө мамлекеттик сапары орун алды. Президенттин визити эки мамлекет ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий алакалардын жаңы барагын ачууга башат болуп берүүдө. Лидерлердин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен жалпысынан жыйырмага жакын эки тараптуу документке кол коюлду. Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйыны жана кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды.