Жаңылыктар
Коомдук биринчи канал "Дебаттарды" өткөрөт
Саясат
Коомдук биринчи канал "Дебаттарды" өткөрөт

Бишкек шаардык кеңешке талапкер саясий партияларды шайлоого 2 жума калды.  Учурда партиялар арасында үгүт иштери кызуу жүрүп жатат. Ар бир саясий партия  борбор калаанын өнүктүрүү жолдорун жана көйгөйлөрүн чече турган программаларын иштеп чыгып, алар  менен коомчулукту тааныштырууда.

Учурда шаардагы социалдык көйгөйлөр ондоп саналат. Алардын башында тыгындарды жараткан унаалар, жаңы конуштарга жетпеген суу, жол, электр жарыгы, шаардын көркүн бузуп ар жерлерде үйүлүп жаткан таштандылар турат. 

Бишкек шаардык кеңешке  өтүүгө кайсыл партия татыктуу? Шайлоого талапкер саясий партиялардын кимиси убадасын аткарып, элдин көйгөйүн чечип берүүгө аракет кылат? 

Бүгүн, 28-ноябрда Коомдук биринчи канал Бишкек шаардык кеңешке талапкер саясий партиялар ортосунда "Дебаттарды" өткөрөт.  Шаар тургундары катышкан талапкерлерге суроолорун  жөнөтсө болот. 

Ал үчүн, Whats App 0550 220140  номери аркылуу же КТРКнын фейсбуктагы   https://www.facebook.com/KTRKkg/ , Instagram ktrk_live баракчаларына жана Дизелдеги Саясат жана коом  бөлүмүндөгү  http://diesel.elcat.kg/index.php?showtopic=280132064 шилтеме аркылуу кирип жөнөтө аласыздар.