Жаңылыктар
Бишкекте 7 күн, 7 түн "Манас айтуу" долбоору башталды
Маданият
Бишкекте 7 күн, 7 түн "Манас айтуу" долбоору башталды

Бишкекте 7 күн 7 түн Манас айтуу долбоору башталды. 

Иш-чарада өлкөнүн ар тарабынан келген 30га жакын манасчылар күнү-түнү “Манас” айтып жатышат. 

“Манас” эпосун сактап калуу, манасчылыкты аркалагандарды колдоо жана бул өнөргө талантуу жаштарды тартуу максатында уюшулган долбоор быйыл 3-жолу өтүүдө. 

Руханий иш-чараны “Саякбай манасчы” Эл аралык коомдук фонду уюштуруп келет. Иш-чара 4-декабрда белгиленүүчү "Манас" күнүнө карата өткөрүлүүдө. 

2013-жылдын 4-декабрында "Манас" үчилтиги ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан катталган жана бул күн “Манас” күнү деп жарыяланган. Манасчылардын үнү 7 күн, 7 түн бою Супара этно комплексинде жаңырат.