Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык иш-чара учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип жабыркаган балдардан кабар алды.
Эске салсак, аталган окуяда жабыркаган балдардын абалы оор деп эсептелген оноо кечээ, 3-майда, атайын борт менен Бишкекке жеткирилген.
Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен баарлашты. Балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.
Президент Садыр Жапаров балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүдө болгон окуяны терең өкүнүү менен белгилеп, массалык иш-чарадагы коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи.