Жаңылыктар
“Ашхабад-Бишкек-Ашхабад” авиакаттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
“Ашхабад-Бишкек-Ашхабад” авиакаттамы ачылат

Кыргызстан менен Түркмөнстан өкмөтү “Ашхабад-Бишкек-Ашхабад” авиакаттамын ачуу боюнча документке кол коюшту. 

Келишимге,"Туруктуу транспорт системасы"аттуу глобалдык конференциянын алкагындагы кыргыз түркмөн делегацияларынын жолугушуусунда кол коюлган. 

Кыргызстандык делегацияны биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев жетектеп барган. 

Абулгазиев өз сөзүндө эл аралык автомобиль, темир жолду жана аба каттамын кеңейтүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.