Жаңылыктар
Зинакан Кайыпова: Бала кезден радиого жакынмын
Кыргызстан жаңылыктары
Зинакан Кайыпова: Бала  кезден радиого жакынмын

7-Май- Байланыш   жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамында, Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Биринчи радионун” баяндамачысы, радио  журналист Зинакан Бекмуратовна Кайыпова менен баарлаштык.

  • Кесиптик  майрамыңыз кут болсун! Сиз үчүн радионун орду кандай?
  • Менин балалыгым айылда, жайлоодо өттү. Боз үйдө эртеден кечке радио таңшып турат. Таенем:”бул радиоң  кайдагынын баарын айтат, мунун баарын кайдан табат десең ?”-деп калчу. Анан апам болсо  бээ сааганда желенин башына радио кабылдагычты алып барып  коюп, жанында сүт топтогон чаканы  сербейген мага каратып койчу. “Бейпил түн”, жомок, концерттик программа эң кызык уктуруулар болор эле. Айтор бала кезден радиого жакын болдум.
  •      Анан мектепте окуган кезден эле Токтогул райондук “Учкун” гезитине ыр жана чакан кабарларым чыга баштады. Анын баарын топтоп алып, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүнө кирүү үчүн конкурска катыштым. 1989-жылы дипломду алып, эмгек жолумду Ала-Бука райондук “Эмгек даңкы” гезитинен баштадым, кийин Токтогул райондук “Учкун” гезитинде иштедим. Заман өзгөрдү, райондук гезиттер жабылып, кайрадан  Бишкекке келип, 1995-жылы 12-апрель КТРдин  “Кабарлар” чыгармачыл бирикмеси же азыркы “Биринчи радиого”  кабарчы болуп келгениме 29 жыл толду. Баягы бала  чакта  мен суктанып уккан радионун чоң түйшүгүн тартып келем. Эң эле билимдүү, кесипкөй адамдар менен баарлашып, акылыма-акыл кошулуп, сөз байлыгым артты. Радио мен үчүн ыйык дүйнө.
  • Кызык  учурларды эске салсаңыз?
  • Эми журналисттин “бир көргөнүн хан  көрбөйт да, бир көргөнүн ит көрбөйт”-деп калабыз кесиптештер. Командировка учурунда эстен кеткис кызык учурлар, жөө-жалаң, ачка калган учурлар да болот. Жашоо ошонусу менен кызык да. Бирок кайда болбо, кандай шарт болбосун сен иштеген жердин аты улук экенин, сага ишенген техникалык каражатты кастарлап күтүү парз. Ушул жерде апамдын айтканын ар дайым жаштарга айта жүрөм. Биз  салмагы кеминде 5-6кг чыккан  “Репортёр-7” дегенди көтөрүп жүрчү элек. Аны апам  кармалап туруп:-кызым ушул дөөтүнү эч качан өзүңдөн төмөн, кем  жерге койбо, ар дайым таза карма. Бул болбосо сага окшогон сербейген кызды ким тоотмок эле, ушул бар үчүн сени менен эсептешип жатат да. Айтор өзүңдү сен десең да, аны сиз”-деп жүр дегени эсимден кетпейт. Көрсө апамдын, өзүң колдонгон техникалык каражат, иштеген жериңди жогору баалай бил деген энелик насааты экен. Чын-чынына келгенде бул менин кызматтык милдетим экенин ал киши кайдан билди дейм да.
  • 30 жыл  ичинде радиодо кандай өзгөрүүнү байкадыңыз?
  • Азыр жаңы технология шартында таанылгыс болуп өзгөрдү. Мисалы, 1995-жылы  анологдук формат эле да. Бүт өлкө аймагын кыдырып барып, репортёр менен кассетага жазып келип, аны пленкага көчүрүп , анан монтаждайт элек. Мисалы 30 минуттук маек болсо, аны 1саат кезекте туруп, аны  дагы 30 минут көчүрүп, анан 2-3 саат монтаждоо керек эле. Азыр болсо болгону маек жазууга убакыт керек, аны көчүрүү көз ирмемде ишке ашат, монтаждоо андан жеңил. Бир интервью алуу үчүн ал кишини издеп барып, жолугуунун деле зарылчылыгы жок,  уюлдук телефон аркылуу же ватсаптан эле, дүйнөнүн кайсыл бурчунда болбосун маалымат алаканда,  байланыш камсыз болот. Радио өзү маалыматты заматта, оперативдүү  жайылтуунун эң ыңгайлуу каражаты эмеспи, ал эми жаңы технология шартында өзүнчө эле керемет.
  • Майрам,  дем алыш дебей эле, эрте келип, кеч кетип жүрөсүңөр, “Биринчи радиодо” иштеген  кыйын эле болсо керек?
  • Эң алды “Биринчи радиодо” иштеген  мен үчүн сыймык. Ал эми күн-түндү билбеген түйшүк, мындай иш  ыңгайына көнүп бүткөнбүз. Ар бир көз ирмем сайын, өлкөдө, дүйнөдө улам бир жаңылык чыгып турат, аны илгиртпей элге жеткирүү милдет, бел чечпей иштегенге туура келет, ишибиз ушундай.